www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун токойчулары кызыктуу көрүнүшкө туш болушту.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, алар аймакты кыдыруу учурунда күрөң аюунун бугуну кубалап бара жатканын көрүп, видео тасмага түшүрүп алышкан.
Белгилей кетсек, аталган корукта сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, балыктардын 3, жерде-сууда жашоочулардын 1, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү катталган.
"Корукту Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал, аркар-кулжа, ошондой эле бүркүт, ителги, көк жору, ак кажыр, кумай, Наумандын күйкөсү, шумкар, кичик бүркүт, үкү, орок тумшук чулдук сыяктуу сейрек кездешүүчү канаттуулар байырлайт", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, корукта 500дөн ашык өсүмдүк түрү өсөт. Алардын арасында алтын тамыр, ак кодол, аркар оту, уу коргошун, мамыры, көкөмерен сыяктуу баалуу дары өсүмдүктөрү бар.