www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-сентябрь күнү Бишкек шаарында ресторанында маркум журналист Уланбек Эгизбаевге арналып куран окутулуп, эскерилди. Бул иш-чарага Уландын ата-энеси, жубайы Кочкордон атайын келип катышты жана аны эскерүү үчүн ар тараптан, ар түрдүү тармактагы адамдар чогулушту. Чогулгандардын сүйлөгөн сөздөрүн ирети менен берип, Улан тууралуу коомдук адамдардын пикирлерине назарыңыздарды бурабыз.

- Улан менен алгачкы жолугушуубуз көзүмдөн эч кетпейт. “Кайрымдуу бол” коомдук фондун негиздегенде, Улан менен сүйлөшүп, кеңешкенбиз. Канчалаган адамдарга сунуштадык, бирок баш тартып койгон адамдарды көп көрдүм. А Улан болсо жөнөкөйлүгү менен “Азамат байке, андай иш болсо токтотпош керек. “Жесирдин курсагын тойгузуп, жетимдин башынан сыла” деген пайгамбарыбыздын осуяты бар эмеспи, ага амал кылсак кандай сонун. Жүрүңүз аткаралы” – деп, бир мүмкүнчүлүгү чектелген эненин үйүндө жолуга турган болдук. Телефондон эле сүйлөшүп, дароо макул болуп келди. Мен ойлогом, Уланды машина менен келет болуш керек деп, жолдон чыгып, күтүп турсам, сумкасын асынып алып, жөө келе жатыптыр. Анын мына ушундай жөнөкөйлүгү бар болчу. Ошондон кийин, ошондой энелерге жардам берип, кабар алып, ар дайым Улан менен жолугуп, кеңешип турчубуз. Мына ошонун натыйжасында бугүнкү күндө канчалаган майып энелер, жетим балдар өз үйлөрүнө ээ болуп отурат. Буга Уландын салымы өтө чоң. Адам артында из калсын үчүн жакшы иш кылат экен. Атасына айтаар элем, Улан артында сом эле эмес, сооп иштерди калтырды. Буюрса, ошол жетим балдардын дубасы кабыл болот. Мындай пикирин “Кайрымдуу бол” фондунун башчысы Азамат Байматов билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости