www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев жана анын орун басарларынын катышуусунда тергөө кызматынын кызматкерлерине коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо жана анын алдын алуу максатында ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө кызматкерлерге коррупциялык элементтерге жол бербөө, мыйзамсыз акча сунуштаган жарандарга карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрү өзгөчө белгиленди. Бул багытта ар бир кызматкердин жоопкерчилиги жогору экендиги эскертилди.
Ошондой эле тергөө кызматынын кызматкерлери менен суроо-жооп форматында ачык диалог уюштурулуп, кызматкерлер тарабынан айтылган сунуштар угулуп, берилген суроолорго тиешелүү жооптор берилди.
Азамат Токтоналиев өз сөзүндө мыйзамдын чегинде так жана ак ниет иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгилеп, айрыкча жаш тергөөчүлөргө тажрыйбалуу кызматкерлер насаатчы болуп, туура жол көрсөтүп туруусу зарыл экенин баса белгиледи. Ошондой эле кызматтык этиканы сактоо жана коррупцияга каршы күрөш ар бир кызматкердин негизги милдети экенин эскертти.
Тергөө кызматында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту бекем сактоо жана кызматтык тартипти жогорулатуу боюнча бир катар сунуш-пикирлер айтылды.
Кеңешменин соңунда Азамат Токтоналиев тергөө кызматынын кызматкерлерине ишинде ийгиликтерди каалап, үй-бүлөлөрүнө аманчылык, бекем ден соолук жана тынччылык каалоо менен иш-чараны жыйынтыктады.