www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 19-январь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу айдоочулук күбөлүгү жок жана мас абалында транспорт каражатын башкарган.
Борбор калаанын МККБнын кызматкерлеринин автоунааны токтотуу боюнча мыйзамдуу талабына баш ийбей, айдоочу кызматкерлердин бирин унаанын капотунда 50 метрден ашык аралыкка чейин алып кеткен.
Бул факт Ленин райондук ИИБдин МЭЖге катталган.
Укук бузуучу Ленин райондук ИИБге жеткирилген. Ал 1986-жылы туулган Т.И. аттуу жаран экендиги аныкталган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, андан соң Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ички иштер органдары айдоочуларды мыйзам талаптарын жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так сактоого чакырат.
Мындай аракеттер, анын ичинде каршылык көрсөтүү жана кызматкерлердин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаратуу, жол берилгис болуп саналат жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.