www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамптын Гренландияны сатып алуу тууралуу талабына Кытай тарап биринчи расмий жооп кайтарды.
«АКШны өз кызыкчылыктарын көздөө үчүн “кытай коркунучун” шылтоо кылууну токтотууга чакырабыз», — деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Го Цзякунь 19-январдагы брифингде. Бул тууралуу кытайлык CCTV-plus агенттиги «NazarNews»ке маалымдады.
Маалыматка ылайык, бул билдирүү Дональд Трамп АКШ Гренландияны сатып албаса, арал Россия же Кытайдын таасирине өтүшү мүмкүн деген сөздөрүнөн кийин жасалды.
Го Цзякунь эл аралык тартип БУУнун уставындагы принциптерге негизделерин белгилеп, бардык мамлекеттер аны сактоого тийиш экенин айтты.
Ошондой эле ал АКШ администрациясынын 2026-жылдын 1-февралынан тарта Дания, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерланддар жана Гренландия менен байланышкан аймактардан импорттолгон товарларга 10 пайыздык бажы төлөм киргизүү, ал эми 1-июндан тарта аны 25 пайызга чейин жогорулатуу планы тууралуу билдирүүлөрүнө да комментарий берген.
Кытай тараптын бул билдирүүсү Вашингтондун позициясына ыкчам реакция катары бааланууда.