www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- "Асман" долбоору көпчүлүктү кызыктырууда. Кандай иштер башталып жатат? Кайсы өлкөлөрдөн инвесторлор келүүдө?
- Чынын айтсам, ал долбоорго толук кандуу кирише элекпиз. Президентибиз Садыр Нургожоевич белгилеп кеткендей, атайын дирекция түзүлдү. Ошол диреция жерлерди аныктап, башкы планды түзүп чыгып, анан инвесторлорду тартат деп белгилеп айтып өттү.
Бир топ өлкөлөрдөн инвесторлор акырындап келип, көрүп, кимиси кайсы объектти куpaары тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Акырындан иштер башталууда.
- Мурда бүтпөй калган иштер уланабы? Китеп борборлору боюнча жакшы иштер башталды эле...
- Мурда инфраструктуралык жаңылануу пландары бар болчу. Чатырлардын, спорт залдардын оңдолушу боюнча бүтпөгөн иштерди акырына чейин чыгалы деп алек болуп жатабыз. Кээ бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр бар.
Маданият, спорт тармагында жакынкы аралыкта кандай долбоорлордун үстүндө иштээрибизди аныктап алдык. Аткарылчу жакшы иштер алдыда. Азыр китепканалар менен маалыматтык борборлорду бир кылып, атайын борборлорду ачабыз. Ал жерде балдар келип китеп окуп, чыгармачылык менен алектенип, бизнести үйрөнсө болот. Ошол күчтөрдүн баарын бир жерге топтоп жатабыз.
Булак: Азия News гезити