www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-ноябрдан тартып «Facebook» ээлик кылган «WhatsApp» мессенжери көптөгөн эски смартфондордо иштебей калат. Бул тууралуу «Metro» басылмасы жазат.
Тактап айтканда, «WhatsApp» тиркемеси операциялык системасы Android 4.1. жана iOS 10го чейинки смартфондордун 43 моделинде иштебей калат. Алардын ичинде 2011-жылы чыгарылган «iPhone 4S», «Samsung Galaxy Trend Lite», «Sony Xperia Miro», «Huawei Ascend G740», «Alcatel One Touch Evo 7» жана башка көптөгөн смартфондор бар.
«WhatsApp» мессенжери 1-ноябрда дароо эле иштебей калбайт. Бирок мессенжерди жаңылоого мүмкүн болбой, мындан улам иштөөсүндө маселелер жаралат.
Булак: NazarNews.kg