www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Никотин көз карандылыкты жаратууга жөндөмдүү, ал кийинчерээк бир катар олуттуу ооруларга да алып келет: өпкө рагы, жыныс органдары менен байланышкан маселелер, жүрөк оорусу жана башка. Өздөрүн "коргоо" үчүн, никотинге көз карандылыктан жапа чеккен адамдар ден соолукка толугу менен коопсуз экенине ишенип, электрондук чылым чегүүгө өтөт. Бирок ал чынында эле коопсузбу?

Электрондук чылымдын ден соолукка зыяндуу экенин түшүнүү үчүн анын курамын кылдат изилдөө эле жетиштүү.

Көпчүлүк учурларда чылымдын кутусун толтуруучу суюктук никотин, ацетальдегид, формальдегид, глицерин, жыпар жыттар, пропиленгликоль (эриткич), боектор жана канцерогендик компоненттерден турат. Акыркысы зыяндуу шишиктердин өнүгүшүнүн себеби болот..

ДССУ тарабынан жыпар жыттуу суюктуктарга толтурулган электрондук тамеки заттарын сатууну чектөө өкмөттөргө сунушталган. Себеби анын жыпар жыты вейптердин жагымдуулугун жогорулатат жана анын үстүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- диэтиленгликоль жана күчтүү канцерогендер катарына кирген нитрозамин. Электрондук тамекиде алардын концентрациясы салттуу тамекиге караганда он эсе жогору;

- ацетальдегид - дал ушул компонент электрондук тамекиге көз карандылыкка жеткирүүчү каалоолорду жаратат. Мындан тышкары, анын организмде ашыкча болушу Альцгеймер оорусунун өнүгүшүнө да алып келиши мүмкүн;

- формальдегид - бул зат менен организмдин уулануусу өлүмгө алып келет.

Электрондук чылымдар ден-соолукка зыян жана кооптуу Жашыруун сыр ачыкталды: Тамеки индустриясы калктын аярлуу катмарына багытталган.Электрондук чылым колдонгон балдар менен өспүрүмдөр чоңойгондо да тамеки чегиши ыктымалдыгы кеминде эки эсе жогору болуп эсептелет. Электрондук чылымдарды колдонуу жүрөк-кан тамыр жана өпкө ооруларынын тобокелдигин жогорулатат. Электрондук чылымдардагы никотин курч көз карандылыкты жаратат жана балдардын өнүгүп келе жаткан мээсине зыян келтириши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости