www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын банктары акыркы бир жылдын ичинде керектөө насыяларын берүүнү 80% көбөйттү. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы кабарлайт.

"Алиф" банкынын кызматкери Жахонгир Забиров жарандар насыяны көбүнчө күнүмдүк жашоого керектүү буюмдарды, гаджеттерди, тиричилик техникаларын жана Орусияга авиабилет сатып алуу үчүн алып жатканын билдирди. Анын айтымында, мындай насыяга суроо-талап былтыр — коронавирус пандемиясына жана жумуш орундарынын азайышына байланыштуу өскөн.

Тажик экономисттери өлкөдө керектөө насыясына суроо-талаптын өскөнүнө тынчсызданат. Экономист Хожимухаммад Умаров бул калктын акчасы түгөнгөнүнөн кабар берет деп эсептейт. "Тажикстандын тургундарынын жалпы кирешесинин 23 пайызын мигранттар жөнөткөн акча түзөт. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла төмөн. Демек, калктын кирешеси да азайды. Себеби түшүнүктүү — экономикалык каатчылык, Орусияга каршы киргизилген санкциялар, коронавирус пандемиясы жана башкалар", - деди ал.

Тажикстандагы ар бир төртүнчү үй-бүлөнүн жашоо-шарты Орусиядан жөнөтүлгөн акчага көз каранды. Тажикстандын Улуттук банкы былтыр Орусиядагы мигранттар 6,3 пайызга аз акча которгонун билдирген. Орусиянын Борбордук банкы 2021-жылдын алгачкы алты айында тажикстандыктар мекенине 752 миллион доллардан ашык каражат жөнөткөнүн кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости