www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Май кармаган бармагын жалайт». Машина кармагандар 60 млн сомго машина алат. Ички иштер министрлигинин ГАИси 60 млн 699 миң 960 сомго 60 машина алмай болду. «Жан сакчылар» министр болуп жатып Ички иштер министрлигинин деле баркы кетип калган. Олигарх министрлерден тажады окшойт, азыр жансакчы, мал сакчы полковник уландарды генералдардын үстүнөн каратып койчу болду. «Телохранитель» Улан Исраилов, президент муштагыласа үн каткыс Кашкар, эми дагы бир Улан - Ниязбеков.

Абды Суталинов – Мурат Суталиновдун атасы катары тарыхта калды.

Темирбек Акматалиев - Акаевдин инилери, экономист. Темикең «ИИМди экономисттин көз карашы менен кароо үчүн» баргандай.

Бакирдин Субанбеков ( 2002-2005) – Кара-Балта шаарынын пивзаводун министрлигине таянып «приватташтырып», Кытайдын «Джунда» мунайзат кайра иштеттүү заводуна 3 миллион долларга сатып алууну сунуш кылган. Кытайлыктар муну угуп шок болгону менен Субанбеков өз сөзүнө бекем турган.

Мурат Суталинов (2005 -2006); Акаевдин бир күндүк Башкы прокурору, Бакиевдин ИИМ министри, 2006-жылы ноябрда билегинин «уятсыздыгын» салмактап КГБга кеткен.

Каттани - 2016-жылы ноябрда министр болгон. Ошол эле жылы декабрдын аягында кызматынан кетип, Кулов менен биригип «Бириккен фронт» түзгөн.

Болотбек Ногойбаев (2007-2008); 2007-жылы апрелде элдин демин басып, той берген өкмөт башчысынын министри. Оппозициянын ойронун чыгарып, өзү да кикин жок болгон.

Молдомуса Конгантиев (2008-январь -2010-апрель); Таласка оппозициянын митингин басуу үчүн барып, элдин «кол эмгекчилигин» ааламга тааныткан.

Болот Шерниязов (2010-жылы); Таласта элдик көтөрүлүштүн башында турган. Бийлик анын башына кап кийгизип келип, УКМК СИЗОсуна камаган. Учурунда генералдык чоң наамдан баш тарткан биринчи адам.

Кубат Байболов (2010-жылы) эң оор кырдаалдарда ИИМди жетектеген. Ал Ош коогалаңы башталып калган 12-июнь күнү УКМКга «зам» болуп, Жалал-Абадга комендант катары жөнөтүлгөн. Андан соң ИИМ толугу менен ага жүктөлгөн.

Зарылбек Рысалиев (2010 -2012) Атамбаевдин «любимчик» министри, ал оңду сүйлөсө, оңду карап сүйлөп, солду караса, солду карап сүйлөп жүрүп, кийин «борттон ары» ыргытылган.

Шамиль Атаханов (2012-жыл) Аны Атамбаев мазактап ары-бери калчап, көрүнгөн кызматты берип жүрүп, Азиз Батукаев менен кошо жоготкон.

Абдылда Суранчиев (2012-2014) Бул министрди бийлик «дудукка» айлантып, үстүнөн «тон бычып» калган.

Мелис Турганбаев (2014-2016) Акмат Бакиевди колго түшүрүп, бошотуу үчүн миллиондогон доллардан баш тартканы үчүн, андан өч алгысы келгендер «каралап» жатыр. Бирок оңой менен моюн бербейт. Анткени, бышкан.

Кашкар Жунушалиев - 2016-жылы бир аз турду. Атамбаев муштагыласа да генералдардын алдында туруп бергени бар. Ага караганда Атаханов айтыша кеткен.

Улан Исраилов – 2016-2018-жыл, Атамбаевдин «телохранители»;

Кашкар Жунушалиев - 2018-жылдан баштап 2020-жылга чейин.

Улан Ниязбеков-2020-жылдан баштап министр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости