www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги белгилүү ырчы Малик Аликеевдин операциясына жардам көрсөтөт. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

"Малик Аликеев агабызды жакындан көрүп келүүнү каалдым эле, бирок Таласта болгондугуна байланыштуу видео байланыш менен чыгууга туура келди. Көпкө сүйлөштүк, акыбалын, чыгармачылыгын талкууладык. Министрлик тараптан колдоо көрсөтөрүбүздү (операциясына) жана бул жылы 31-августка карата сыйлыкка көрсөтөөрүбүздү билдирдим", - деп жазган министр.

Эске саала кетсек, Малик Аликеев Таластагы ооруканалардын биринде дарыланып, учурда баса албай калганы тууралуу маалыматтар соцтармактарга тарап кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости