www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар боюнча саясат министри Азамат Жаманкулов Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-түрк кызматташтыгындагы маданий гуманитардык алакалар боюнча баарлашып, алдыда Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.
Өз кезегинде Азамат Жаманкулов кыргыз тарап көчмөндөр оюндарына чоң даярдыктар менен келе тургандыгын айтып, зарыл болгон учурда аталган оюндарды өткөрүүдө бар тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.
Белгилей кетсек, быйыл IV-Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Бурса провинциясынын Изник шаарында өтөт.
Булак: NazarNews.kg