www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Пакистандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Моид Юсуфтун чакыруусу менен "Коопсуздук боюнча Исламабад диалогу" конференциясынын 2-сессиясына видео байланыш форматында катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы билдирет. Иш-чарага, ошондой эле, Казакстан, Катар, Кытай, Пакистан, Сауд Арабия жана Өзбекстандын коопсуздук кеңешинин катчылары катышкан.
Азиядагы коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча жемиштүү пикир алмашуу болду. Ошону менен бирге Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин учурдагы жаңы коркунуч жана чакырыктарга өз убагында жана натыйжалуу реакция кылуусу боюнча өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуунун актуалдуу багыттары талкууланды.
Марат Иманкулов белгилегендей, бир дагы өлкө өз алдынча заманбап глобалдык чакырыктарды жеңе албайт. Ал дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү, бул ишке системалуу жана комплекстүү мамиле кылуу зарылдыгын түздөн-түз көрсөтүп жатканын баса белгиледи.
“Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун форматына катышууга өзгөчө маани берет. Биздин мамлекет ШКУнун олуттуу ыйгарым укуктары жана чоң таасир чөйрөсү бар эл аралык институт катары потенциалын мындан ары жогорулатуу боюнча бекем позицияны карманат”, - деп белгиледи КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.
Булак: NazarNews.kg