www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият министрлиги 28-октябрда Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары "Азаттык медианы" колдоо максатында өткөрүшкөн “Жаңылык жок. Маалымат каражаттарына кысым болуп жатат” деген акцияга комментарий берди.
«Биз демократиялык өлкөбүз, ошондуктан ар бир адам өз позициясын билдирүүгө укуктуу. Конституция боюнча бизде цензура жок», - деди Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Салкын Сарногоева.
Анын айтымында, маалымат каражаттарынын ишине Маданият министрлиги тарабынан эч кандай басым жок. «Кысым бар деп айтуу түп-тамырынан бери туура эмес. Мыйзам кабыл алынгандан бери жана ушул мыйзамдын алкагында гана мындай аракеттер көрүлүп жатат», - деди ал.
Ал кошумчалагандай, мыйзам бузуулар бар деп табылган материалдар алынып салынса, Маданият министрлиги “Азаттык медианы” 2 айга жабуу чечимин жокко чыгарышы мүмкүн.
Буга чейин Маданият министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин “Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына карама-каршы келген” материал үчүн эки айга токтоткон.

Булак: NazarNews.kg