www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Каржы мониторинг агенттиги ведомство кызматкерлеринин казиного барганы тууралуу маалымат боюнча кызматтык териштирүү баштады. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги билдирди.

“Этика кодекси бузулганы аныкталса, кызматкерлердин аракетине укуктук баа берилип, тиешелүү чара колдонулат”, деп айтылган агенттиктин билдирүүсүндө.

Буга чейин соцтрамактарда Алматы облусунун прокуратурасына шилтеме жасоо менен тараган маалыматта 305 аткаминер казинодо 507 миллион теңге уттуруп жибергени кабарланган.

Документке ылайык, казино ойногондордун арасында Ички иштер министрлигинин — 97; Коргоо министрлигинин — 95; Каржы министрлигинин— 25; Жогорку соттун — 7; Каржы көзөмөлү агенттигинин — 15; Коррупцияга каршы агенттиктин — 3, жергиликтүү аткаруу органдарынын — 36 жана башка органдардын — 27 кызматкери болгон.

Коррупцияга каршы кызмат кызматкерлери казиного барганын ырастады.

Бул арада Жогорку сот өз кызматкерлеринин арасында кумар оюнун сүйгөндөр бар экенин четке какты.

Казакстанда мамлекеттик кызматкерлердин Этикалык кодекси бар. Ага ылайык, кызматкерлерге мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын түшүргөн иштерди жасоого, анын ичинде оюн-зоок жайларына барууга тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости