www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 28-декабрда ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев Бишкек-Ош автоунаа жолундагы жаңыланып, шарт түзүлгөн Сосновка постуна барды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Азенбек Козукеев кызматкерлерди өз милдеттерин так аткарууга чакырып, туруктуу постту ачык калтырбоону тапшырды. Айдоочулар менен сылык мамиледе болуп, профилактика иштерин жүргүзүп турууну белгиледи.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын туруктуу посту санариптештирилип, ылдамдыкты ашырган, издөөдө жүргөн автоунаалар токтотулуп, айып короого киргизилет. Бул жерге стационардык ураган аппараты дагы орнотулган. Бул аппарат жол эрежесин бузууларды аныктап, аныкталган бузуу боюнча кызматкерлер автоунааны посттон тосуп тиешелүү чараларды көрөт. Кызматкерлер санариптештирүүнүн алкагында боди камера жана планшеттер менен кызмат өтөшөт.

Белгилей кетсек ушул постту Азенбек Козукеев 10-декабрда таңга маал күтүүсүз текшерип, бир топ кемчиликтерди койгон. Кырдаал боюнча жетекчилерине ыкчам кеңешме өтүп, кызматкерлерге толук кандуу шарт түзүүнү тапшырган болчу.

 

Последние новости