www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжанда оппозициядагы "Республикалык альтернатива" партиясынын лидери Ильгар Мамедов жети жылдык абак жазасынын беш жылдан ашыгын өтөгөндөн кийин түрмөдөн бошотулду. 13-августта өлкө түндүгүндөгү Шеки шаарынын апелляциялык соту Мамедовдун абактагы калган мөөнөтүн токтотууну чечти. Ошол эле учурда сот ага эки жыл сыноо мөөнөтү берилерин, бул убакыт ичинде Мамедов чет өлкөгө чыга албай турганын билдирди. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Мамедов соттун чечимин "толук жеңиш" деп атай албай турганын, ал өзүн толук актоону соттон талап кылып келе жатканын айтты.

Европа кеңеши соттун Мамедовду бошотуу тууралуу чечимин кубаттап, Европа аймагында саясий туткундардын жана бейкүнө адамдардын эркиндиги чектелбеши керектигин белгиледи.

Мамедов Исмаиллы шаарында наарызылык акциясын уюштурууга жардам берген деген айып менен 2013-жылдын февраль айында камакка алынган. Сот аны 2014-жылдын март айында жети жылга абакка кескен.

Быйыл апрель айында "Республикалык альтернатива" кыймылы өзүн партия деп жарыялап, бирок мамлекеттик органдын каттоосунан өтпөй турганын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости