www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжандык эрежесиз эр уруш (ММА) мушкери Тофик Мусаев өз ыктыяры менен өлкөнүн армиясынын куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылды. Бул тууралуу Azerisport.com маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, спортчу аскердик кызмат өтөөгө кечээ жиберилген. Азербайжан бийлиги буга чейин Армения менен Тоолуу Карабахта болгон аткылашуунун тушунда мобилизациялоо жарыялаган.
Мусаев ММА спортундагы карьерасында 21 беттештин 18ин жеңип, үч ирет утулган. 30 жаштагы мушкер учурда Rizin мушкерлер уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук курунун ээси болуп саналат.
Эске сала кетсек, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялагандан соң, Азербайжан да өз өлкөсүнө аскердик абал киргизген.
Булак: NazarNews.kg