www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда эксперттер 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого жарандардын кызыгуусу жок экенин билдиришүүдө. Бул саясий окуяга ишеним артпагандардын көбү мындай көз карашын чыныгы саясий күрөштүн, атаандаштыктын жоктугу менен түшүндүрүп жатышат.

Добуш берүүгө эки жумадан аз убакыт калганда өлкөнүн мамлекеттик телеканалдарында президенттик шайлоого талапкерлигин койгон азыркы мамлекет башчы жөнүндө берүүлөр көбөйдү. Жаңылыктарда президенттин аймактарга жасаган сапарлары, калк менен жолугушуусу жана балдар үйлөрүнө баргандыгы көрсөтүлүүдө. Ошол эле маалда телеканалдар калган беш талапкердин шайлоочулар менен жолугушуусу тууралуу да кыска маалыматтарды берип жатышат.

Бирок шайлоочулардын көбүндө президентикке талапкерлигин коюп жаткан адамдар, алардын программалары жана убадалары жөнүндө маалымат аз.

Ал ортодо өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бардык шайлоо тилкелери даяр экенин, шайлоочулардын тизмелери такталганын билдирди.

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости