www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабактын башчысы Араик Арутюнян Азербайжандын Ганжа шаарындагы аскердик объектилерди ракеталар менен атууну токтотуу тууралуу буйрук берди.
«Жай тургундардын арасында курмандыктардын алдын алуу үчүн атуулар токтотулду. Бирок каршылаш тарап мындан «жыйынтык чыгарбаса», анда соккулар кайрадан башталат», — деп жазды ал Facebook баракчасына.
Белгилей кетсек, 4-октябрда эртең менен Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрү Тертер жана Горадиз шаарларын аткылаганын билдирген. Өз кезегинде Ереван бул билдирүүлөрдү четке каккан.
Эске сала кетсек, Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабакта куралдуу чатак 27-сентябрдан бери уланууда. Анын айынан эки тараптан ондогон киши каза болду.
БУУ баштаган эл аралык коомчулук расмий Баку менен Ереванды атышууну тезинен токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып жатат.
Булак: NazarNews.kg