www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусиянын мурдагы президенти, экс-премьер-министр Дмитрий Медведевге нааразылык катын жолдоду.

Бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Виталий Милонов жаңы жыл түнү Орусиянын бейпилдик күчтөрү убактылуу жайгашкан Азербайжандын аймагына мыйзамсыз келип, ал жерде бир катар жолугушууларды өткөргөн. Анын бул кадамы Азербайжан жетекчилигинин катуу нааразычылыгын жаратканы айтылууда.

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев «Бирдиктүү Россия» партиясынын төрагасы, экс-президент Дмитрий Медведевге анын партиясынын мүчөсүнүн Азербайжандын аймагына мыйзамсыз сапарына нааразылык билдирип, кат жолдоп, ага токтоосуз чара көрүүсүн билдирген.

Карабах согушу жана орус аскерлери

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 27-сентябрында Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакта аскердик операцияларын баштаган. Эки тарап бири-бирин үгүттөө үчүн айыптап, толук же жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыялашкан. Эки тараптын 44 күнгө созулган согушунда Түркиянын жардамы менен Азербайжан ийгиликке жеткен.

9-ноябрда Орусия менен Азербайжандын президенттери Владимир Путин, Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди толук токтотуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан.

Билдирүүгө ылайык, Армения менен Азербайжан карама каршылыкты токтотуп, бир катар райондор Бакунун көзөмөлүнө өткөн. Тынчтык келишимине ылайык, тараптар туткундардын, жарадарлардын жана каза болгондордун сөөктөрүн алмаштырган.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян орус аскерлери Карабакта беш жылдан ашык болот деген үмүтүн ТАССтын кабарчысы менен болгон маегинде билдирген.

Пашиняндын айтымында, орусиялык бейпилдик күчтөрү аймактагы коопсуздуктун жана туруктуулукту сакташы керек.

Азырынча Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения чек араны бузуп, аскер кызматкерлерин өлтүрүп жатканын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости