www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү тополоңдо 164 адам каза болгонун билдирди. Мекеменин маалыматын казакстандык Телеграм каналдар таратты. Министрлик өлкөнүн төрт облусу боюнча маалымат берген. Ага ылайык, Алматыда 103 (эки бала), Кызылорда облусунда 21, Жамбылда он жана Алматы облусунда сегиз адам каза болгон. Калган 22 адамдын кай жерлик экени белгисиз.
Казакстандын өкмөтү 5-январдан бери биринчи жолу каза болгондор боюнча кеңири маалымат берди. Буга чейин Ички иштер министрлиги күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана 26 "куралчан адам" өлтүрүлгөнүн билдирген.
Эске сала кетсек, 2-январда Жаңы-Өзөн эли суюлтулган газдын баасы 60 теңгеден 120 теңгеге көтөрүлгөнүнө каршы чыгышты. Кийинчерээк Жаңы-Өзөндөгү акцияны өлкөнүн башка аймактары да колдоду. Өкмөт Маңгыстау облусунда газдын баасын 50 теңгеге түшүргөнүнө карабай нааразылык басаңдаган жок.
Нааразылык акциясына чыккандар өлкөдөгү кымбатчылыкты айтып, өкмөттүн кызматтан кетишин жана 1993-жылкы Конституциянын кайтарылышын талап кылышты.
5-январь күнү түндө Алматыда миңдеген адам Республика аянтына жыйналып, кымбатчылыкка каршы нааразылыгын билдиришти. Полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, кулак тундуруучу граната колдонду. Ушул түнү өлкөнүн башка аймактарында дагы нааразылык акциясы уланды.
5-январь түшкө жакын президент Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Өлкөнүн башка аймактарында – Актау, Чымкент, Актөбө, Өскемен, Семей, Оралда дагы нааразылык уланды.
5-январда түштөн кийин Алматыда тополоң башталып, белгисиз адамдардын тобу мэриянын имаратына жана аба майданга кирип барды. Шаар акимчилигинин имараты өрттөнүп жаткан видеолор Интернетке тарады. Алматыда ондогон соода түйүндөрү, дүкөндөр, банктар тонолгону кабарланды. Токаев 6-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Алматыдагы чабуул үчүн “террористтик топторду” айыптады. Бирок ал айткан “террористтик топтордун” 2-январдан берки нааразылыкка чыккандарга катышы бар экени тууралуу так далилдер жок.
Казак президенти кимди “террорчу бандиттер” деп атаганы белгисиз. Токаев аларды минтип атоого эмне негиз болгонун, алардын кайдан келгенин, эмнеге аны “агрессия” деп эсептей турганын ачык айтпады. Кийинки күндөрү Казакстанда кандайдыр бир террордук аракеттер, аскерий операциялар болуп жатканы тууралуу маалымат түшө элек.
5-январда өлкөдө кырдаал курчуп кеткенде Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылды. Уюмга кирген Орусия, Армения жана Беларус Казакстанга жардам берүү үчүн аскерлерин жөнөтөрүн билдиришти. 6-январдын кечинде өлкөгө орус аскерлери келди.
Бийлик өзгөчө кырдаал жарыялады. Интернет абдан начар иштеп, көбүнчө өчүрүлдү.
7-январда Токаев “согушкерлерге ок атууга буйрук бергенин” билдирди. 8-январда Назарбаевдин көптөн берки үзөңгүлөшү, Улуттук коопсуздук кеңешинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген айып менен кармалды.
Булак: NazarNews.kg