www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжандын Коргоо министрлиги 4-ноябрда Армениянын куралдуу күчтөрү Азербайжан аскерлеринин өлкөлөрдүн чек арасындагы позицияларына ок атканын билдирди.
«3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Басаркечяр районунун Шоржа жана Азизли конуштары багытындагы позицияларынан Азербайжан армиясынын позицияларын түрдүү калибрдеги аткычтардан аткылашты. Калбажар районунун Йеллиж жана Моллабайрамлы калктуу пункттарын беш сааттай аткылашты», - деп жазат аскердик ведомствонун басма сөз кызматы.
Коргоо министрлиги азербайжан тараптан тиешелүү «адекваттуу» жооп келгенин белгиледи.
Буга чейин, 1-ноябрда, Сочидеги саммитте орус лидери Владимир Путин менен жолугушууда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян күч колдонуудан алыс болуп, бардык көйгөйлүү маселелерди талкуулоонун негизинде гана чечүүнү макулдашкан. Биргелешкен билдирүүдө саясатчылар Баку менен Ереван ортосунда тынчтык келишимин түзүүгө активдүү даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкен.