www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын орточо маянасы жатакана жана тамак ашы иш берүүчү тарабынан камсыздалганын эске алганда 1,8 миң доллардын тегерегинде. Бул тууралуу Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы 15 жыл ичинде Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык, EPS программасы боюнча Кореяга 5 миң мигрант жөнөтүлгөн.

“Жумушка кеткендердин көбү тамак—аш, химия жана кагаз өнөр жайларында, пластмасса, резина жана айнек буюмдарын өндүрүүдө иштешет”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган программанын алкагында 1,5 миң жаран эмгектенет. Быйыл программа менен 600дөн ашык адам эмгектени кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости