www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Архангельск облусунун 28 жаштагы тургуну кылмыштуу чөйрөгө катышкан жана 70тен ашык пенсионерди алдаган, деп шектелүүдө. Бул тууралуу 3-ноябрда Саратов облусунун прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

«Тергөөнүн версиясы боюнча, 2019-жылдын 25-ноябрынан 2021-жылдын 14-майына чейинки аралыкта кылмыштуу топтун мүчөсү юридикалык жардам көрсөтүү шылтоосу менен Архангельск облусунун тургундарын алдаган. Ал белгилүү бир суммага пенсиялык төлөмдөрдү көбөйтүүгө, авариялык абалдагы турак-жай үчүн акчалай компенсация алууга жана башка маселелер боюнча жардам бере алам, деп жалган маалымат берген», - деп айтылат басылмада.

Укук коргоочулар соттолуучунун чындыгында юридикалык кызмат көрсөтүү ниети болбогонун жана «мыйзамдын негизинде убада кылынган натыйжаларга жетише албагандыгын» белгилешти.

Кылмыштуу чөйрөнүн бөлүкчөлөрүнүн комплекстүү түзүмү 8 адамдан турганы, алар ар кандай субъектилердин аймагында иштешкени көрсөтүлгөн. Лидер делгендер Саратов облусунда жайгашып, криминалдык жол менен табылган акчанын баары облуска жиберлип турган.

Айыпталуучу менен кызматташуу боюнча сотко чейинки макулдашуу түзүлүп, кылмыш чөйрөсүнүн башка мүчөлөрүнө карата кылмыш ишин тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости