www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы глобалдык дүйнө кандай түзүлгөндүгүн карап көрөлү. Айталы, АКШ башында турган биргелешкен Батыш өлкөлөрү бар. Ошол эле учурда Кытай чоң державага айланып баратат. Үчүнчү тараптан Орусия кайрадан баш көтөрүүдө, балким бул өлкө каржылык жактан кедейдир, бирок муштуму чоң. Үч миң жыл мурда деле дүйнөдө ушул державалар болгон. Болгону Орусиянын ордунда Түрк дүйнөсү жана Улуу Рим болгон. Андыктан алардын дүйнөгө болгон үстөмдүк кылуу аракети ошол эле бойдон калууда. Бир гана мураскерлер алмашып, Түрк дүйнөсүнүн ордун Орусия ээледи. Кытай ошол эле бойдон калууда. Демек, бул үч дүйнөлүк державанын кызыкчылыгы дүйнөнүн баардык жеринде бар жана кыргыз-тажик жаңжалындагы ордун да жок деп айтууга болбойт. Бирок кимисинин кызыкчылыгы кандай болгондугу башка маселе.
Экинчиден, эки мамлекеттин ички, саясый күчтөрүнүн да таасири болду. Алсак, Тажикстандын абалы бир топ оор. Өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келаткан Э. Рахмон бийлигин уулуна өткөрүп берүүгө аракет кылууда. Бирок тажик оппозициясы баш көтөрө албаган менен уктап жаткан жок. Тажикстанды кимдир-бирөө, сырткы күчтөр ушундай кадамга түртүп, делөөрүтүп койгондур. Тилекке каршы эгер ошондой болсо, анда ал күч Тажикстандын бийлиги менен элин аңга түрттү. Мүмкүн бери жагы 200-300 жылдан бери тынч турмушта жашап келаткан Борбор Азия аймагында согуш отун тутандырууну көздөгөн сырткы күчтөр бардыр. Тилекке каршы акыркы мезгилде тажик бийлиги кошунасы болгон бизге улам тийиштик кылып, согуш отунун тутанып кетүүсүнө жол берүүдө. Бирок алар өздөрү жандырган жалынга өздөрү күйүп калбаса экен.
Тажиктер менен кошуна жашаган баткендиктер алардын биздин жерибизге көз артып, сугун арттырып жаткандыгын жакшы билебиз. Дегеле Баткен облусунун айрым аймактары алардын тарыхый мекени болуп саналат. Азыркы Тажикстан мамлекети тарыхта эч качан болгон эмес жана бул аймакта аба-бабасы жашаган эмес. СССРдин тушунда Сталиндин улуттук саясаты менен гана Тажикстан түзүлүп калган. Ошондуктан тажиктер Сталинди аябай урматташат. Борбор Азия аймагын байыркы замандан бери эле түрктөр ээлеп, Туран аймагы болуп, кийин Түркистан АССРи эле. Бирок СССР түзүлгөн соң улуу жана бирдиктүү түрк аймагын бөлүп-жаруу үчүн Сталин Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кыргызстан кылып бөлгөн.
Бирок ар бир түрк элдери өз алдынча республика болгон менен жалпы түрк биримдиги катары биригип тургандыктан, башка менталитетти аралаштырууну ойлоп табышып, Өзбекстандын курамындагы Тажикстан АССРин өзүнчө Республика кылып түзгөн. Ал эми тажик улутундагы элдер эч качан бир аймакты байырлап жашашкан эмес, алар ар кайсы жерлерде топ-топ болуп, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк менен жашашкан. Ооба, тажиктер өздөрүн саманиддердин тукумубуз деп жүрүшөт.
Бирок булар тарыхты жакшы билишпейт же атайлап эле бурмалашат. Тажиктер саманиддерден эмес, Саманиддин жээни Исмаилден тараган. Өз кезегинде Саманид династиясын түрктөр түптөгөн. Болгону мамлекеттик башкаруудагы иш кагаздары перс тилинде жүргүзүлгөн. Ал эми тажик тили деле өз кезегинде перс тили эмес, дари тили болуп саналат. Бул да өз кезегинде түрктөр менен перстердин ортосунда жаралган тил. Бирок перс тили менен тажик тилинин деле ортосунда айырмачылык бар. Мисалы, тажиктер персчени түшүнгөн менен перстер тажикчени түшүнбөйт. Кыргыздар да, тажиктер да Борбор Азиядагы байыркы элдер экендиги талашсыз. Эгер саманиддер өз тарыхын 11 кылымга теңесе, кыргыздардын мамлекеттүлүгүнө эле үч миң жылдан ашып жатпайбы. Ал эми кыргыздардын жалпы тарыхы 10 миң жылдан ашат. Мындан тышкары тарыхта кыргыздардын өз каганаты болгондугу, ал тургай кыпчак сыяктуу кыргыз урууларынын өзүнчө каганаты болгондугу белгилүү. Найман, кытай урууларынын да бүтүндөй империясы болгон. Анткен менен ушундай байыркы тарыхына карабай, азыркы Кыргызстан менен Тажикстан республикалары, мамлекет катары СССРдин учурунда калыптанып, түзүлдү.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg