www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Азербайжан мунай продуктуларын жеткирүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу журналисттерге Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, Азербайжан Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүгө даяр экенин билдирген. Учурда тараптар кызматташуунун механизмдерин иштеп чыгууда.
«Энергетика тармагында жол картасы даярдалып жатат. Ошондой эле чакан ГЭСтерди куруу маселеси да талкууланууда», — деди Алтынбек Рысбеков.
Министр жеткириле турган күйүүчү майдын көлөмү, баасы, импорт качан башталаары жана жеткирүү багыттары тууралуу так маалымат берген жок.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан Азербайжандан ай сайын 20 миңден 30 миң тоннага чейин бензин жана дизелдик күйүүчү май импорттоону пландап жатканын билдирген. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр 2026-жылдын июнь айынан бери, анын ичинде Азербайжандын мамлекеттик мунай-газ компаниясы SOCAR менен жүргүзүлүп келет.