www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжан тарабынан курулган Ысык-Көл жээгиндеги алгачкы беш жылдыздуу мейманкананын салтанаттуу ачылышы болорун билдирди.

Ал бул долбоор эки элдин ортосундагы достуктун дагы бир символу болуп каларын жана туристтик потенциалды өнүктүрүүгө салым кошорун айтты.

Мындан тышкары, президент Алиевди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине, ШКУ саммитине, ошондой эле 2027-жылдын 21–25-октябрында Бишкекте өтө турган «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев да «Баку» мейманканасынын ачылышы тууралуу маалымдады.

«Ысык-Көл жээгиндеги биринчи беш жылдыздуу мейманкана Азербайжан мамлекетинин катышуусу менен курулганына жана анын «Баку» деп аталып жатканына өтө кубанычтабыз жана сыймыктанабыз», - деди ал.

Буга чейин Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү пландалып жатканын басылмалар жазган.

Жер тилкесинин аянты 17,24 гектарды түзөт. Жерди кийин мөөнөтүн узартуу укугу менен 49 жылга ижарага берүү сунушталган.

Участоктун жалпы аянтынын 12 гектарына курулуш жүргүзүү, 4 гектарын сейил бакка, дагы 1 гектарын жалпы пайдалануудагы жээк аймагына бөлүү мерчемделген.

Парламентте Министрлер кабинети мейманканага чейин жол курары, ал эми курулуш аяктагандан кийин объектини 10 жылга салыктан бошотуу пландалып жатканы кабарланган.

«Turmush’тун» маалыматына ылайык, мейманкана курула турган болжолдуу жер «Botany Beach» мейманканасы менен «Фонтан» эс алуу борборунун ортосундагы жер тилкеси болуп саналат.

Последние новости