www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжанда 2025-жылы 322 аялга күйөөсү тарабынан жасалган зомбулуктан улам, аларга коргоо коргоо ордери берилген.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы жергиликтүү аткаруу органдарына жана пробация органдарына үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу жалпы 322 аткаруу документи келип түшкөн. Алардын ичинен 280и кыска мөөнөттүү, ал эми 42си узак мөөнөттүү коргоо ордери болгон.

Белгилей кетсек, коргоо ордери – бул үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата колдонулган расмий чектөөлөрдүн жыйындысы. Анын негизги максаты – зомбулукка кабылган адамдын коопсуздугун камсыз кылуу жана анын укуктарын коргоо.

Ордердин мөөнөтү ичинде зомбулук жасаган адамга жабырлануучуга жакындоого, аны менен байланышууга же аны тынчсыздандырган аракеттерди жасоого тыюу салынат.

Коргоо ордери кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү болушу мүмкүн. Эки учурда тең негизги максат – үй-бүлөлүк зомбулуктун кайталанышын алдын алуу жана жабырлануучунун коопсуз шартта жашоосун камсыз кылуу.

Последние новости