www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва районунда тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары үчүн жабдууларды өндүрүүчү завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү билдирет.
Долбоорду ишке ашыруу максатында түрк инвестору менен сүйлөшүүлөр жүрүп, өндүрүш комплексин Ак-Суу айыл аймагындагы 10 гектар жер тилкесине жайгаштыруу макулдашылды.
Долбоордун инвестору — айыл чарба сугаруу тутумдарына адистешкен AKPLAS PLASTIK SANAYI VE TICARET A.Ş. түрк компаниясы. Заводдо полимердик түтүктөр, фитингдер, сууну чыпкалоо жана сепарациялоо жабдуулары чыгарылат.
Кыргыз тараптан долбоорду Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коштоп жатат.
Бул өндүрүш суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, сугат суусунун жоготууларын азайтууга жана агрардык секторго заманбап технологияларды киргизүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, заводдун ишке кириши жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактын экспорттук потенциалын жогорулатат.