www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин бир катар мамлекеттик кызматкерлер жана Жогорку Кеңештин депутаттары иштен кетүүгө аргасыз болду. Алардын арасында кызматтан өз ыктыяры менен арыз жазгандар жана камакка алынгандар бар. Бул көрүнүш коомчулукта ар кандай кабыл алынды. Айрымдар таң калып, окуяны сынга алышса, айрымдары кубаныч менен кол чаап, өзгөрүүнү колдоп жатышат.

Ишенимдүү булактар NazarNewsка билдиргендей, Жогорку Кеңештен дагы бир нече депутаттар кош айтышат. Алар: Дастан Жумабеков, Алишер Козуев, Жаныбек Абиров, Кубанычбек Конгантиев, Болотбек Борбиев, Камила Талиева, Курманкул Зулушев, Шайырбек Ташиев, Медер Чотонов жана Гүлсүнкан Жунушалиевалар экени айтылууда. 

Эске сала кетсек, жакынкы арада эле Ташиевдин кызматтан алынгандан кийинки саясий чыңалуудан соң Жогорку Кеңештин үч депутаты — Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу жана Кундузбек Сулайманов өз калоосу менен мандатын тапшырды.

Ошондой эле, Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү да кызматын таштоого аргасыз болду. Алардын катарында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков бар.

Учурда коомго билинбеген айрым мамлекеттик кызматкерлер калоосу менен арыз жазып кетүүдө. Башкалары камакка алынган учурлар да кездешет. Бул кырдаал мамлекеттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөрдү жана УКМКнын жетекчилигиндеги алмашууларды көрсөтүп, коомчулукта күчтүү талкуу жаратууда.

Жыйынтыктап айтканда, УКМК төрагасынын кызматтан алынышы жана ага байланыштуу мамлекеттик кызматкерлердин массалык кетиши, Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасындагы маанилүү өзгөрүүлөрдү, саясий климатты жана жоопкерчилик маселелерин ачык көрсөтүп турган окуя болуп саналат.

Последние новости