www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тегеранда Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменейдин штаб-квартирасынын жанында куралдуу кагылышуу болду.

Маалыматтарга ылайык, кагылышуу Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) менен марксисттик «Моджахедин-э Халк» (МЕК) уюмунун мүчөлөрүнүн ортосунда болгон. МЕК тараткан билдирүүдө кеминде 100 адам өлтүрүлгөнү же кармалганы айтылат. Ошондой эле уюмдун 150дөн ашуун мүчөсү өз базаларына кайтып барганы маалымдалган.

Окуя негизинен Тегерандагы Мотахарри комплексинин аймагында болгон. Бул аймакта жогорку лидердин штаб-квартирасы, Сакчылар кеңеши, Эксперттер ассамблеясы жана башка стратегиялык мекемелер жайгашкан.

КСИРге жакын «Тасним» агенттиги жана «Аль-Ахбар» басылмасы да кагылышууну ырастаган. «Аль-Ахбар» бул окуяны «МЕК чет элдик атайын кызматтардын колдоосу менен ишке ашырууга аракет кылган операция» деп баалап, план баштапкы этапта эле токтотулганын жазган.

Белгилей кетсек, «Моджахедин-э Халк» уюму Иран бийлиги тарабынан террордук уюм деп таанылган. Бул топ 1980-жылдардагы Иран–Ирак согушунда Саддам Хусейнди колдогон. Бирок кийинчерээк АКШ жана Европа Биримдиги уюмду террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган.

Последние новости