www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабак аймагында ок атышуу болду

Азербайжандын Тоолуу Карабак жикчил аймагында 3-августта атышуу катталды. Баку менен жикчилдер бири-бирин айыптады.

Азербайжандын Коргоо министрлиги орусиялык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн көзөмөлүндө турган аймактагы азери аскерлерин Армениянын күчтөрү аткылаганын, андан бир жоокери өлгөнүн билдирди.

Тоолуу Карабактагы этникалык армяндар өз кезегинде Азербайжанды ок атууну токтотуу режимин одоно бузган деп айыптап, учкучсуз учактар жана гранатометтор менен аткылаганын маалымдады. Натыйжада армян тектүү бир аскер өлгөнү, сегизи жарадар болгону кабарланды.

Тоолуу Карабакты коргоо армиясы орусиялык аскерлер менен чогуу чөлкөмдө кырдаалды турукташтыруу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады. Армениянын бийлиги окуяны комментарийлей элек.

Эске салсак, Тоолуу Карабахтагы кырдаал 2020-жылдын 27-сентябрында курчуган. Армения менен Азербайжан аскерлери дароо эле куралдык тирешүүгө өткөн. Согуштук чырдын башталышына Армения менен Азербайжан бири-бирин айыптап келет.

2020-жылдын ноябрь айында Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирген. Келишимге ылайык, Армения Азербайжанга Кельбаджар, Агдам, Лачын райондорун өткөрүп берген. Бирок туурасы 5 чакырым болгон Лачын коридору Арменияда калган. Тоолуу Карабахтын жана Лачын коридорунун чет жакаларында атайын техника менен Орусиянын тынчтык орнотуучулары жайгашкан.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости