www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каржы пирамидасын түзүүгө айыпталгандардын иши боюнча Актөбө шаарында өтүп жаткан сот отурумунда прокурор шектүүлөрдү узак мөөнөттөргө соттоону өтүндү.

Маалыматка караганда, мамлекеттик айыптоо "Выгодный займ", "Гарант 24 Ломбард", "ESTATE Ломбард", "Нур-Али Капитал" компанияларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Жанболат Есиркеповду 20 жылга, анын аймактардагы бөлүмдөрүн башкарган бир нече өнөктөшүн 19 жылга жана "каржы пирамидасын түзүүгө", "10 миңден ашык адамдын мүлкүн жана акчасын алдап алууга" айыпталган Дана Князбаеваны 12 жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Прокурор айыпталуучуларга жаза катары сураган эң аз мөөнөт тогуз жыл болду.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Жанболат Есиркепов баштаган 48 кишиден турган топ "17 миңден ашык казакстандыктын акчасын алдап алган".

1-августта сотто тараптардын жарыш сөзү башталды. Прокурорлор айыптоо корутундусун үч күн окуйт деп күтүлүүдө. Бул соттолуучулар менен жабырлануучулардын көп болгонуна байланыштуу экени айтылды.

Бул иш сотто 2020-жылдын ноябрь айынан бери каралууда. Каржы пирамидасына байланыштуу жалпысынан 17 162 киши жабырлануучу деп табылган. Аларга келтирилген зыяндын суммасы 300 миллиард 220 миллион теңге деп бааланган.

Иштин материалдарына ылайык, "Выгодный займ" компаниясы Актөбө шаарында 2018-жылы түзүлүп, 2020-жылдын февралына чейин өлкөнүн Алматы, Атырау, Актау, Чымкент, Павлодар, Жаңы-Өзөн өңдүү бир катар шаарларында өз бөлүмдөрүн ачкан.

Соттолуучулар жарандарга кичи насыяларды берүү менен алектенген. Тергөөнүн версиясына ылайык, алар компаниянын эсебине 300 миң теңге салгандарга айына 35-48 пайыздан кошуп, акчасын кайра кайтарып берүүнү убадалашкан. Компания мындан тышкары жарандардан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, ошондой эле зер буюмдарын сатып алган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости