www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапониянын алты аймагында нөшөрлөп жааган жамгыр суу каптоо жана жер көчкү коркунучун жаратып, 107 миңден ашуун киши эвакуацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта, жергиликтүү NHK басылмасы билдирди. Белгиленгендей, бул аймактарда өзгөчө коопсуздук чаралары кооптуулуктун эң жогорку деңгээлине туура келген - бешинчи деңгээл жарыяланды.

Ямагата аймагындагы Ииде-мачи жана Каваниши-мачи айылдарынын тургундары бешинчи деңгээлдеги өзгөчө коопсуздук чаралары тууралуу жарыяны угушканы айтылды. Бул коркунучтун эң жогорку деңгээлине туура келет жана адам өмүрүн сактап калуу чараларын көрүү зарылдыгын билдирет.

Ошондой эле, Ямагата, Фукусима, Ниигата жана Исикава аймактарында 39 миңдей үй чарбасы жана 108 миңге жакын адам 4-деңгээлдеги эвакуация буйругун алышты. Бул мүмкүн болушунча коопсуз жерге эвакуациялоо керек экенин көрсөтүп турат.

Жапониянын Хонсю аралынын түндүгүндө, түндүк-батышында жана түндүк-чыгышында нөшөрлөгөн жамгыр уланып, дарыялар ташкындоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости