www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация таанышуу сапары менен Кыргызстанга келди.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тарабынан уюштурулган бул сапар маалыматтык жана гуманитардык тармактардагы кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган.

Пресс-турдун программасы эки өлкөнүн медиа коомчулук өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана Кыргызстан менен Азербайжандын боордош элдерин мындан ары жакындатууда маанилүү роль ойногон коомдук дипломатияны өнүктүрүүгө багытталган.

Кыргызстанда жүргөн мезгилде азербайжандык журналисттер өлкөнүн алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү, мамлекеттик маалыматтык саясатты жүргүзүүдөгү заманбап ыкмалар менен таанышат. Ошондой эле өлкөнүн жаратылышы кооз жана туристтик жайларын камтыган маданий-таанышуу программасына катышат.

Мындай демилгелерди ишке ашыруу журналисттердин ортосунда узак мөөнөттүү кесиптик байланыштарды түзүүгө, объективдүү маалыматтык мейкиндикти калыптандырууга, гуманитардык алакаларды чыңдоого жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Буга чейин ушундай эле таанышуу сапарлары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн ийгиликтүү уюштурулган.

Мындай долбоорлорду ырааттуу ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын аймактагы өлкөлөр жана достук мамиледеги мамлекеттер менен ынак коңшулук мамилелерди, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимдүү диалогду чыңдоого болгон умтулуусун айгинелейт.

Последние новости