www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандык жети аскер, анын ичинде армия генералы жана төрт армениялык жоокер эки өлкөнүн чек арасында уланып жаткан кагылышуунун үчүнчү күнүндө окко учту. Бул тууралуу чет элдик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-апрелде Азербайжандын Коргоо министрлиги билдиргендей, көз жумгандардын арасында генерал-майор Полад Гасимов жана полковник Илькар Мирзаев дагы бар.

Армениянын коргоо министрлиги ушул эле күнү алар тарапта каза тапкандардын ичинде да майор жана капитан даражасындагы аскерлер бар экенин маалымдады.

Жалпысынан атышуу башталган 12-июлдан бери эки тараптан 16 киши каза тапты.

Шейшемби күнү кечинде Бакуда жүздөгөн адамдар жүрүшкө чыгып, аскерлерге тилектештик билдиришти. Алардын айрымдары Күч түзүмдөрүнүн башкы штабынын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылышты.

Азербайжан менен Армения атышуу үчүн бири-бирин айыпташты.

Европа Биримдиги, АКШ жана Орусия тараптарды ачууга алдырбоого чакырды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тараптарды ок атышпоо тууралуу макулдашууларды сактоого, Тоолуу-Карабак жаңжалын тынч жол менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого үндөдү.

Түштүк Каваказдагы эки коңшу өлкө буга чейин Тоолуу Карабактан улам жаңжалдашып келген. Соңку чек ара жаңжалы Тоолуу Карабактан алыс аймакта орун алды жана буга чейин мындай окуялар сейрек катталчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости