www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар дайым ыр-чырдын, ызы-чуунун үстүндө жүргөн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көзүнүн көгөргөнүн балатыга шылтап жатыптыр. Акбай Сарыбаев, Бактияр Бейшеналиев сыяктуу кесиптештеринин жүйөлүү айтып жаткан сындарын кабыл албай, өзүн реформатор катары көрсөтүп, Орусияны дүйнөлүк цивилизацияга кошуп, шаар куруп, өнүктүрген Пётр Биринчиге салыштырганы акыл токтоткон адамдын сөзү эмес.
Ал ачуудан ууртап алып, анан ошонун күүсү менен өзүн Пётр Биринчиге, Ататүрккө салыштырса жараша берет. Алымкадыр Бейшеналиев системаны реформалаганды мындай кой, жөндөп чогулуш өткөрө албаганын көрдүк го. Кардиологиялык борбордун эмгек жамааты тытып жеп коё таштаганда араң качып чыкты.
Министрлик кызматтын кадырын кетирбей, жигит болсо өз арызы менен эле кетип калбайбы. Кыйын врач болсо скальпели менен деле жан багат эле да. Соңку убакта ажонун кыжырына тийген министр катары сыпатталууда...
Булак: Азия News гезити