www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму балдарды коронавируска каршы эмдөөго каршы чыкты. Бул тууралуу эл аралык ЖМК билдирет.

Уюм балдар арасында вирустан улам оор абалга кептелгендердин саны өтө аз, андан сырткары, көпчүлүк өлкөлөрдө чоңдор арасында дагы эмдөө жай жүрүп жатканын айтат.

«Саламаттык сактоо уюму балдар жана өспүрүмдөр арасында жапырт эмдөө жүргүзүүгө каршы. Дүйнө элинин вирусту оор көтөргөн катмары толугу менен эмдөөдөн өтө элек», — дейт ДССУ.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 16-18 жаштагы өспүрүмдөрдү эмдөө чечимин кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости