www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Чек арада атылган ок: Тажик тарап күнөөсүн моюндады

Баткендин Лейлек районунда кыргыз жаранынын октон жарадар болушу боюнча күнөөнү тажик тарап өз мойнуна алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 22-декабрь күнү Баткендин Лейлек районунда тажик чек арачылары ок чыгарып, кыргыз жараны жаракат алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз жараны Лейлек районунун Максат — Жаштык жолунда КамАЗ үлгүсүндөгү унаа менен кетип бара жаткан. Жол кыргыз-тажик чек арасын бойлой жайгашкан. Айдоочу арыктан суу алуу үчүн токтогон маалда анын жанына Тажикстандын үч чек арачысы келип, унаага отуруп, андан Тажикстандын аймагына өткөрүүнү талап кылышкан. Айдоочу жолун үчөө менен улантып бара жатып башка автоунаанын жолун тосуп, кыйкырганга жетишкен. Чек арачылар КамАЗдан түшүп, айдоочу андан ары жолун улап кеткен. Бирок тажик чек арачылары автоунааны үч ирет атышкан.

Мындан улам эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, сүйлөштү.

"Тажик тарапка окуянын хронологиясы көрсөтүлдү. Коңшу өлкөнүн Чек ара кызматынын аймактык жетекчилиги өз кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин моюнга алды. Ошондой эле мындай катачылык кетирген аскерлерге чара колдонулары айтылды", — деп жазылат билдирүүдө.

Аталган факт Тажикстандын аскер прокуратурасы тарабынан каралары белгилүү болду.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында абал туруктуу деп бааланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости