www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу күчөп жатат. Тактап айтканда, хуситтердин Сауд Арабиясына жасаган чабуулдары кырдаалды татаалдаштырды.

Акыркы окуялардын фонунда ыйык жерлер — Мекке жана Мединага зыярат кылуучулардын коопсуздугу маселеси күн тартибине чыкты. Ошондой эле Каабага жасалчу ажылык сапарын убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроо жаралууда.

Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга карабай, Сауд Арабиясы Мекке жана Мединага зыярат кылууга азырынча чектөө киргизген жок.

Саудиялык журналист Ахмед Халабинин айтымында, Умрага барган зыяратчылардын саны өсүп, ажылыкка даярдык иштери кадимки тартипте жүрүүдө.

Ал ошондой эле Сауд Арабиясы Түркия же Пакистандан жардам сурай турганы тууралуу азырынча мындай кадам жасала электигин билдирди.

Последние новости