www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда таштандыларды мыйзамсыз өрттөө фактысы аныкталып, айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Дмитриевка айылындагы Ишеналы Арабаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин аймагында текшерүү жүргүзүшкөн.

Маалыматка ылайык, жалпы республикалык ишембилик учурунда чогултулган таштандыларды мыйзамсыз өрттөө фактысы катталган.

Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарына ылайык, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле мектеп жетекчилигине таштандыларды өрттөөгө жол бербөө, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Последние новости