www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунда мал-жандыктарды жырткычтардан коргоо жана алардын калктуу конуштарга жакындашынын алдын алуу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен чабандардын кайрылууларынын негизинде жер-жерлерде уюштурулган мергенчилик топтор менен биргеликте иш алып барууда.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери жүргүзүлгөн иштердин алкагында Нарын районунан бир карышкыр, Ат-Башы районунун Ак-Сай аймагынан эки карышкыр жана бир чөө жок кылынган.
Башкармалык жырткычтардын айылдарга жана жайыттарга жакындашынын алдын алуу, мал-жандыктарды коргоо жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди улантарын билдирди.
Ошондой эле жаратылышты коргоо талаптарын сактоо жана жапайы жаныбарларга этият мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.