www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу парламенттин 23-сентябрдагы жыйынында студенттерди жана жогорку класстын окуучуларын ишембиликке чыгарууну сунуштады.
"Мен жакында Ноокатта мугалимдер менен чогуу ишембиликке катыштым. Ошол жерде мугалимдер мага жогорку класстын окуучуларын ишембиликке тартуу зарылчылыгын айтышты. Азыр эркек балдарыбыз колуна күрөк кармаганды, кыздарыбыз шыпыргы кармаганды билбей калып жатышат. Ошондуктан чоң класстын окуучуларын, студенттерди мурдагы убактардагыдай эле ишембиликтерге тартышыбыз керек. Алар өздөрү тазалоо иштерине катышкандан кийин көчөгө таштанды да таштабай калышат", - деди депутат.