www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажынын айткандары орундалса…

Учурда эң популярдуу ажаат ачкыч Чубак ажынын канаттуу фразалары ойкуп-кайкып көккө учуп калганы ырас. Көбүнчө кыжаалат кылган көйгөйлөрдүн чечилишин каалагандар ага түркүн түстөгү соболдорун бергени бекерден эместир? Өткөндө көпчүлүгү уурулук, жемкордук боюнча суроолорун ажыга жаадырышты. Ошол эле ТЭЦти тоногондор, тарых музейинен каражатты өөнөп алган шылуундар тууралуу ойлорун ортого салышып Жалиловдон жооп күтүштү.

— “Каракчылык кылган атка минерлердин манжаларын кесип, керек болсо башын алыш керек коңшу кытайларга окшоп. Ошондо абдан таасирлүү болуп, мындай тескери жосундар кескин азаймак. Негизи мен кытайлардын катуу жазасын колдойм”- деди ажыкебиз. Эгерде ошол жаза капыстан биздин жашообузга кирип калса колу томурайган миңдеген уурулар пайда болмок. Алардын колун көргөндөр а-аа бул шүмшүк уурулук кылган турбайбы деп жанынан алыстап кетмек да? Дагы бир денени чыйрыктарган суроо берилди. Жемкорлорго, кыянаттык кылгандарга өлсө жаназа окубай коюу боюнча. Ал маселе боюнча да дин аалымдарына сунуш киргизерин кыйытты Чубак ажы. Айтор, чоңдордон үмүтүүзүлгөн карапайым жарандар дайыма ушул кишинин түз берген жоопторуна шыктанып, собол таштоого аракеттенишет. Бул да болсо демократиянын кенендигинен десек эмнеге болбосун?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости