www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажырашкан аялды аппак көйнөк кийгизип, баш кошкондор барбы?

Ажырашкан, эки кызы бар аялды аппак көйнөк кийгизип, жубайы катары ала турган эркек барбы? Кыздарына аталык мээрим төгүп, өз атасындай боло турган эркектер барбы? Бала менен ажырашкандардын багы ачылабы?

...Бакытты кубалаган сайын ал менден алыс качты. Баары жакшы болчудай, алдыда бактылуу күндөр күтүп тургандай келечекке ашыкчумун.

Мен ойлогондой аппак көйнөк кийип турмушка узаганым жок. «Менин бактым» деп тапкан жигитим үй-бүлөсүнүн шартын айтып, ак көйнөксүз эле ала качты кылып алып келип көшөгөгө отургузду.

Бирок мунун баарына макул элем. Удаа кыз төрөгөндөн кийин күйөөмдүн чыныгы жүзүн көрдүм. Башкаларга алмаштырды. Басып кетти. Кайын журтумдун кодулоосу да көкөйүмө тийди.

Бет келди басып кеттим. Колумда эки чүрпөм бар. Алар мага чексиз бактылуу ирмемдерди тартуулайт, ичим элжирейт.

Бирок, бала кездеги мен кийе турган ак көйнөк, ак боз атчан мырза кайда? Бактылуу боло аламбы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости