www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва мэри Сергей Собянин курулуштагы чет өлкөлүк жумушчулардын ордун “башка сапаттагы кишилер” реновация программасы боюнча тандоону тапшырды.

“Москва” агенттиги кабарлагандай, мигранттардын ордуна ал Орусиянын аймактарынан кишилерди тартууну сунуштады. Бирок статистика боюнча жалпы Орусия боюнча эмгек күчү жетишсиз.

"Башка маяна менен, башка сапаттагы кишилер керек. Мигранттар бүгүнкү күндө бизде ансыз деле көп”, - деди Собянин.

Москва мэри бул тууралуу 17-ноябрда борбор калаадагы жаңы көп кабатуу үйдүн курулушу менен таанышып жүргөндө айтты.

Курулуш компаниясынын жетекчиси адискөй жумушчулар бул объектиде 120-150 миң маяна алышарын билдирди. Буга Собянин “бул маяна мигранттар үчүн эмес, москвалыктар үчүн”,- деп жооп кайтарды.

1-ноябрда шаар куруу саясаты жана курулуш маселелери боюнча вице-мэр Андрей Бочкарев Москва мэриясы шаардагы курулуштарда иштеген чет өлкөлүк жумушчулардан баш тартууну пландап жатканын айткан.

Сентябрда Москванын бийлиги шаарда 200 миңге жакын чет өлкөлүк жумушчу жетишпей жатканын билдирген. Ага чейин мэр Сергей Собянин эмгек мигранттарынын кетиши инфляциянын өсүшүнө таасирин тийгизгенин билдирген. Анын айтымында, былтыр коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу курулуштун көбү токтоп калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости