www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарындагы реновация программасы боюнча иштеген курулуштарда мигранттардын саны дароо эле массалык түрдө кыскартылбайт. Бул тууралуу калаанын Курулуш департаментинин жетекчиси Рафик Загрутдиновго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Буга чейин Москва мэри Сергей Собянин реновация программасы аркылуу ишке ашып жаткан курулуштарда чет элдик жумушчулардын санын азайтып, алардын ордуна региондордо жашаган россиялыктарды тартуу үчүн эмгек шарттарын жакшыртууну тапшырган.

"Биз подрядчылар менен келишим түзүп жатканда бул материалды ал, тиги курулушчулар иштесин деп талап коё албайбыз. Бизге тапшырма берилди, бирок аны этап-этабы менен ишке ашыра башташыбыз керек", — деди Загрутдинов.

Шаар бийлиги эмгек шартын жакшыртып, айлыкты дагы көтөрүүнү пландап жатат.

Реновация программасы — Москвадагы эскилиги жеткен турак жайларды (хрущевка) жок кылып, ордуна көп кабаттуу жаңы үйлөрдү куруу. Анын алкагында 1 миллиондон ашык киши үйлүү болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости