www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасынын капчыгында учурда 4 күмүш жана 5 коло медаль бар. Бул көрсөткүчтөр өлкөнү жалпы командалык рейтингде 19-орунга жайгаштырды.

22-августта кечинде балбан Үзүр Жусупбеков коло медаль алды. Ал “Азаттыкка” курган маегинде финалдык бөлүккө чыгуу үчүн күрөштө утулуп калганына ызаланып турганын айтты.

Азия оюндарынын алкагында күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер жыйынтыктады.

Анткен менен кыргыз спортчуларынын самбо, кикбокс, дзю-до жана жуи жутсу боюнча медаль алып келүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашууда. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости