www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 18-февралда Кыргызстандык балбан Ильяз Ренат уулу Индияда өтүп жаткан чоңдор арасындагы Азия чемпионатында коло медаль утуп алды. Кармаш UWW сайтынын түз эфиринде көрсөтүлдү.

Мелдеш учурда  Нью-Дели шаарында болуп жатат. Грек-рим күрөшүн аркалаган Ренат уулу килемде 77 килограмм салмактагылар арасында күчүн сынады.

Ошондой эле,  баштапкы беттештеринде индиялык жана япониялык спортчуларды утуп, жарым финалда Ирандан келген балбанга жеңилип калган. Атаандашы финалга чыккандыктан үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Натыйжада кыргызстандык балбан финалда өзбекстандык Бекзод Умаровду 5:0 эсебинде утуп, коло медалга ээ болду.

Мындан сырткары, чемпионаттын дагы бир бөлүгүндө өлкө атынан Азат Саладинов (87 кг.) биринчи орун үчүн, Роман Ким (130 кг.) коло байге үчүн күрөшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости